23:11
USD 77.80
EUR 87.84
RUB 1.09

Ош шаарында Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт

Ош шаарында Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасмалар Оштун «Семетей» кинотеатрында көрсөтүлөт.

Иш-чара 17-сентябрдан тарта 19-сентябрга чейин уланат. Ачылыш аземге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышат.

Кирүү акысыз.

Эң көп окулган жаңылыктар