Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына анын тарапташтары тынчтык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу Кундуз Ажибекова жазып чыкты.
Анын айтымында, Атамбаевдин тарапташтары Бишкек мэриясына 17-сентябрда Горький атындагы эс алуу жайында иш-чара өтөт деп билдирүү жиберишти.
«Ал жакта каалоо-тилектерди чогултуу боюнча атайын жай уюштурулат. Аларды Алмазбек Атамбаевге беребиз. Баардык шаардыктарды жана меймандарды чакырабыз», -деп жазган Кундуз Ажибекова.