14:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Евгения Строкованын «Эргене» коомдук фондунун башчысынан кечирим суроо ниети жок

Депутат Евгения Строкованын «Эргене» коомдук фондунун башчысы Таалайгүл Сабырбековадан кечирим суроо ниети жок. Бул тууралуу депутат 24.kg агенттигинебилдирди.

Эске салсак, Таалайгүл Сабырбекова сотко кайрылып, депутаттан миллион сом жана расмий түрдө кечирим сурашын талап кылууда.

«Кечиримди принципке таянып сурабаймын, андан көрө өмүр бою миллион төлөп берем. Мен чындыкты айтканмын», -деди депутат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова Азиз Батукаевдин иши боюнча дарыгерлердин митингге чыгышынын артында Таалайгүл Сабырбекова турушу мүмкүн деп билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби