02:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Таалайгүл Сабырбекова депутат Евгения Строковадан миллион сом талап кылууда

Өкмөт башчынын келини жана «Эргене» коомдук фондунун башчысы Таалайгүл Сабырбекова сотко кайрылып, депутат Евгения Строкованы жалган маалымат тараткандыгы үчүн жарандык жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу депутат 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, Таалайгүл Сабырбекова миллион сом жана расмий түрдө кечирим сурашын талап кылууда.

«Депутат Евгения Строкованын ар бир айткандарын жокко чыгаруусун суранам», -деп айтылат «Эргене» фондунун башчысынын кайрылуусунда.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова Азиз Батукаевдин иши боюнча дарыгерлердин митингге чыгышынын артында Таалайгүл Сабырбекова турушу мүмкүн деп билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар