07:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызтелеком өлкө боюнча 1 миң 564 объектти интернетке туташтырды

Кыргызтелеком өлкө боюнча 1 миң 564 объектти интернетке туташтырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Кыргызтелеком» ААК мектептерди, айыл өкмөттөрдү, медициналык мекемелерди, почталык байланыш бөлүмдөрдү интернет түйүнүнө кошуу үчүн була-оптикалык кабель тартуу иштерин жүргүзүүдө.

Учурда Кыргызстанда 660 мектеп интернет түйүнүнө туташтырылды.

«Бүгүнкү күндө 643 медициналык мекеме (оорукана, бейтапкана, ГСМ, эмкана) кошулду. Бул дарыгерге электрондук түрдө жазылуу, так диагноз коюу үчүн анамнезди берүү (оорунун тарыхы жөнүндө маалымат, бейтаптын жашоо шарты, кандай илдет менен ооругандыгы ж.б.у.с,) жеринде жаш медициналык кызматкерлер арасында семинарларды уюштурууну шарттайт. Жылдын аягына чейин 900гө жакын медициналык мекемени интернет түйүнүнө туташтыруу пландалды», -деп жазылат маалыматта.

Интернетке 292 айыл өкмөтү кошулду, жыл аягына чейин дагы 161 айыл өкмөт туташтырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар