21:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сахалиндеги кыргыздар элчиге арыз-муңун айтышты

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиянын Сахалин облусунда иштеп жүргөн мигранттар менен жолугушту. Бул тууралуу элчилик кабарлайт.

Жолугушууда мекендештер, кыргыз, орус тилин үйрөтүү, баштапкы жана орто билим алуу, медициналык тейлөө тармагындагы маселелер көтөрүштү. Андан тышкары, алар Россия элдеринин Ассамблеясынын Сахалин облусу боюнча бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө катышууну каларын айтышты.

Элчи Түштүк Сахалинде жакын арада элчиликтин кеңсеси ачылары тууралуу маалымат берип, катышуучуларды кызыктырган саясий, экономикалык, консулдук жана миграциялык суроолоруна жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар