02:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өлкөгө 4 миң 346 жеңилдетилген ипотекалык насыя берилген

Сентябрдын башына карата Кыргызстанда 5 миллиард сомдон ашуун суммада 4 миң 346 жеңилдетилген ипотекалык насыя берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирет.

Маалыматка ылайык, насыялар Чүй облусуна (1 миң 408) жана Бишкек шаарына (621) көп берилген. Ал эми эң аз Баткен (76) жана Талас облусу (74) алган.

Ош шаарына 593 насыя, Жалал-Абад облусуна 546, Ош облусуна 537, Нарын облусуна 170, Ысык-Көлгө 351 насыя берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар