05:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 1 миллиард 351,1 миллион долларга жетти

Ушул жылдын январынан июлга чейин Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 1 миллиард 351,1 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 157,1 миллион долларга кыскарды.

Акча которуулардын саны боюнча Орусия алдыда турат. Андагы мигранттар 1 миллиард 324,5 миллион доллар акча которушкан. Кийинки орунда АКШ турат.

Ал эми январдан июлга чейин Кыргызстандан башка өлкөлөргө 291,9 миллион доллар которулган.

Эң көп окулган жаңылыктар