05:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кеңеш мектебиндеги балдар суук түшкөнчө башка имаратка көчүшөт

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу Кыргыз вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди.

Анын айтымында, мектеп окуучулары көчө турган имарат табылып, аны билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды. Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Белгилей кетсек, Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерде окуу жылын баштаган мектепке байланыштуу нараазычылыктан кийин билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов дагы отставкага кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума