17:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эмгек өргүүсүнөн кийинки синдромду кантип жеңүү керек? Пайдалуу кеңештер

Психологияда эмгек өргүүсүнөн кийинки синдром деген түшүнүк бар. Анда эс алып келгендер дароо ишке өтүүдө стресс, кыжырдануу, жалкоолук, депрессия сыяктуу жагымсыз жагдайларга тушугушат. Статистикага таянсак, кеңседе иштеген кызматкерлердин болжолдуу 40 пайызы жогорудагы көйгөлөргө туш болот.

Эмгек өргүүсүнөн кийин көпчүлүктүн жалкоосу кармап, уйкусу келет. Эч нерсеге көңүлү чаппайт. Адистер буга жол бербеш үчүн айрым эрежелерди карманууну сунушташат. Антпесе эмгек өргүүсүнөн кийинки синдром көпкө сакталып, зыян бериши мүмкүн.

24.kg агенттиги эмгек өргүүсүнөн кийин максималдуу түрдө натыйжалуу иштеп баштоо үчүн, айрым кеңештерди даярдады.

1

Ишке дүйшөмбү эмес, жума ортосунда чыкканыңыз оң

Эмгек өргүүсүн алаарда ишке жума башында эмес, ортосунан чыга тургандай кылып алыңыз. Мисалы, шаршемби күнү ишке чыккандай кылып. Эң жакшысы- бейшемби.

Эгерде бир канча күн эс алып жүрүп жумушка дүйшөмбү барсаңыз, иш жумалыгы абдан узак сезилиши мүмкүн. Ал эми дем алышка чейин 2-3 күн калганда гана иштеп баштасаңыз, көнүү процесси жашкы таасирин берет.

2

Үйдө топтолуп калган иштерди жасаганга шашпаңыз

Эмгек өргүүсүнөн кийин үйдө топтолуп калган үй иштеринин баарын жасап жибергенге эч шашпаңыз. Анткени алар эч жакка качпайт. Үйдүн кычыктарын жышып, тазалап, оңдоо иштерин жасабаңыз. Аларды бир канча күндөн кийин деле аткарсаңыз болот. Анткен менен нервиңизди жана психологиялык ден соолугуңузду сактап калган болосуз.

3

Тапшырмалардын тизмесин түзүп алыңыз

Эгерде эмгек өргүүсүндө чет жерге кете турган болсоңуз, анда үйгө ишке чыгаардан 2-3 күн мурун келүүнү пландаганыңыз оң. Бул күндөр аралыгында аз да болсо мурунку калыптанып калган чөйрөгө көнөсүз, анан сизге күнөстүү көл жээги дароо кеңсенин боз дубалына алмашып калгандай сезилбейт.

Ишти дароо оор тапшырмалардан баштоо туура эмес. Бул үчүн тапшырмалардын тизмесин түзүп алып, эң жеңилин колго алыңыз.

4

Ишке байланыштуу жагымдуу мүнөттөрдү эстеңиз

Көпкө күттүргөн эмгек өргүүсү акырына чыкканда жумуш тууралуу ойлор айрымдарды эки анжы ойго түртөт. Психологдордун айтымында, эс алгандардын 85 пайызы кеңсеге кызматтан бошонуу ою менен кайтып келет.

Жумушка чыгаардан мурун эмне себептен жумушту жакшы көрө турганыңызды ойлонуңуз. Ишке байланыштуу жагымдуу мүнөттөрдү, кесиптештериңизди ойлоңуз. Балким ишке болгон кусалыкты сезип калаарсыз. Мындан улам мурун кылып жүргөн ишиңиз жеңил жана жагымдуу болот. Эмгек өргүүсүнөн кийин жумушка чыгаар алдында уйкуңузду жакшылап кандырыңыз. Душ алып, даамдуу азыктар менен тамактанып , аба-ырайына жараша кийиниңиз.

Биринчи жумуш күнүндө жооптуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуудан алыс болуңуз. Эгер мүмкүн болсо алары кийинки убакытка жылдыра туруңуз. Качан гана толугу менен жумушчу ритмине киргенден кийин, абалга башкача көз караш менен карап компетенттүү чечим кабыл алсаңыз болот.

5

Эмгек өргүүсүн аз мөөнөттүү кылып алсаңыз болот

Адистер эмгек өргүүсүн бир айга эмес, бөлүп бөлүп алууну сунушташат. Мында кайра ишке кирүүдө кыйынчылыктар жаралбайт. Бир жылда бир канча жолу аз-аздан эс алгандар көп чарчашпай турганын айтышууда.

6

Ачык түстөгү кийимдерди тандаңыз

Ишке киргенде ачык түстөгү кийимдерди кийгенге аракет кылыңыз. Күлгүн, көгүлтүр, крем, сары, ак түстөр маанайды көтөрөт.

Организм ыңгайлуу шартка тез көнөт. Мындан улам 8 сааттык иш күн организм үчүн кыйноо катары саналашы мүмкүн. Ар 10 мүнөт сайын иш столунан туруп ары-бери басып, түшкү тыныгуу маалында кеңседен сырткары чыгып кеткенге аракет жасагыла. Кафе, эс алуу жайларына баргыла.

Эң көп окулган жаңылыктар