23:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Балмуздакты аткезчилик жолу менен ташып бараткандар кармалды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Чоң-Капка автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жерден кондитердик азыктарды, кагаз баштыкчаларын, балмуздакты аткезчилик жолу менен ташып бараткандар кармалды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы суммасы 2,9 миллион сомду түзгөн 198 миң кагаз башчыкчаларын алып келе жаткан 2 унаа кармалган. Аларда жүккө тиешелүү документи болгон эмес.

Мындаш тышкары, кармалгандар 1,4 миллион сомдук 21 тонна кондитердик азыктарды, 20 тонна аралаш тоют, 3 тонна дарбыз, 1 миң 500 килограмм балмуздакты ташып өтүүгө аракет кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар