15:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Спирт ичимдиктерин аткезчилик жол менен алып кирген жарандар кармалды

2022-жылдын 17-декабрынан 18-декабрына караган түнү аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Лейлек районунда коңшу өлкөдөн спирт ичимдиктерин ташыган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматкы алйык, чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден УАЗ «Хантер» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын ичинде Кыргыз Республикасынын эки жараны А.С.А. жана Н.А.М. болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен спирттик ичимдиктери бар 3 челек табылган.

Жыйынтыгында бул жарандар аткезчилик жол менен алып өтүүгө тийиш болгон жалпы көлөмү 1 миң литрдин 600 литр спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.

Чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар