11:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Никита Мендкович: «Кумтөр» менен болгон макулдашуу мезгил сынагынан өтүшү керек

«Эгер стратегиялык келишимдин түзүлгөнүн өзүнчө окуя катары карай турган болсок- анда бул жакшы жаңылык. Бирок, эгер Бишкектин канадалык алтын кенин иштетүүчүлөр менен болгон мурунку мамилесин эстеп, топтолгон тажрыйбанын контекстинде карай турган болсок- анда аны баалоо кубанычтуу нерсе эмес». Бул тууралуу орусиялык экономист, Борбор Азия боюнча серепчи Никита Мендкович «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы абалга түшүндүрмө берип жатып айтты.

«Кумтөр» боюнча маселелер биротоло жабылды деген үмүттөр бир жыл мурун да болгон. Буга чейин көп эле жолу болгон. Бул жолу абал принципиалдуу түрдө айырмаланат деп өтө ишенимдүү айта албайм.

Албетте, жакшы нерселерге ишенгиң келет. Эгерде азыркы макулдашуулар мурункуларга караганда ишке ашып калса, анда мен толкундануумду билдире алам

Никита Мендкович

«Бирок, мен кесиптештерим айтып жатышкан «жабык сүйлөшүүлөр» жана «кабыл алынган чечимдердин ачык-айкын эместиги» тууралуу шектенүүлөрүнө макул эмесмин. Алтын кениндеги абалды эске алуу менен айта турган болсо, экономика, саясат жана ар кандай элдин кызыкчылыктары, бир канча жеке келишимдерди кабыл алууга кызыкдар тараптар -бири бири менен тыгыз байланышкан», -деди Никита Мендкович.

Абалдын артыкчылыгы -бүгүнкү күндөгү макулдашуу жакынкы жылдары алтын кени тынымсыз иштейт деген үмүт бергендигинде. Бул бюджет үчүн жана Кыргызстандын имиджин жакшыртуу үчүн теориялык жактан жакшы көрүнүш

Никита Мендкович

«Эгерде «Кумтөр» маселесин чынында эле толугу менен жаап койсо, анда имидждик артыкчылыктар сезиле баштайт. Эгер эски талаш-тартыштар башталса, анда жоготуулар каржылык тегиздикте жатып калат», -деди орусиялык экономист.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби