18:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөттүн Нарын облусундагы жаңы өкүлү дайындалды

Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, буга чейин өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аманбай Кайыпов иштеп турган. Ал берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар