22:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Убактылуу тыныгуу. «Кумтөр» менен келишимдин натыйжасы кандай болот?

«Эгерде мурунку тажрыйбага таянбай турган болсок, түзүлгөн жаңы макулдашуу -инвесторлор үчүн жана өлкө бюджети үчүн жакшы көрүнүш. Болбоду дегенде, жаңы келишим убактылуу тыныгуу берет», -деди казакстандык политолог, «Мир Евразии» коомдук фондунун жетекчиси Эдуард Полетаев «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы абалга түшүндүрмө берип жатып.

— Кен боюнча абалга чекит коюлду деп айтууга болобу?

— Кыргызстанда чет элдик инвесторлор менен болгон мамиле өлкөдөгү саясий жана экономикалык абалдан көз каранды болгондой финалдык сүйлөшүүлөрдөн анчалык көз каранды эмес.

Эгерде «саан уй» бар болсо, анда анын ээсинин 2 тандоосу бар. Биринчиси- жемиштүү. Сүттөн ырахат алып, сүт көп берсин деп уйду бакса болот. Экинчиси- келечегин ойлобой уйдан болгон нерсени сыгып алуу.

Акыркы жылдардагы байкообузга караганда, Кыргызстан бийлиги алдыны көрө билбей, жемиштүү аракет кылбай жатат.

Эгерде акыркы макулдашуу ишке кирсе, анда «Кумтөр» боюнча маселе оң тарапка чечилди деп айтууга болот.

Эгерде мурунку окуяларды эске албай турган болсок, түзүлгөн жаңы макулдашуу -инвесторлор үчүн жана өлкө бюджети үчүн жакшы көрүнүш. Болбоду дегенде, жаңы келишим убактылуу тыныгуу берет

— Кыргызстандагы чет элдик инвесторлордун ишине айтылган сынга себептердин бири — сүйлөшүүлөрдүн ачык-айкын жүрбөгөндүгү. Бул макулдашууларга кандай таасир берет?

— Жалпысынан бюджет үчүн кирешеси анчалык билинбеген жана мааниге ээ болбогон чакан кендерге карата айтылган сындар адилеттүү. Бирок, «Кумтөргө» карата айтылган сөздөр негизсиз.

Мен муну түшүндүрүп берем. Ысык-Көл облусундагы алтын кенге туруктуу жана тынымсыз көңүл бурулуп турат. Эгерде инвесторлор ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгүн жаап-жашыргысы келген күндө да алардын колунан келбейт болчу.

Ал эми ар бир кадам сынга себеп болушу мүмкүн экендигин эске алсак, инвесторлор максималдуу түрдө ачык-айкын иштеген алда канча кирешелүү экенин түшүнүшөт. Бул ыкманы башка кендерге карата колдонсо жакшы болмок, ошондо гана жаңжалдар азаймак.

«Центерра» Казакстан менен Орусиянын чени менен -салымдардын көлөмү боюнча ири компания эмес. Бул өлкөлөрдө ал «жоголуп», ага эч ким көңүл деле бурмак эмес. Кыргызстанда болсо бул тоо-кен тармактарындагы ири долбоор, мындан улам саясатчылардын, коомдук ишмерлердин жана элдин көңүлү ага тиешелүү.

Натыйжада, чет элдик инвесторлордун ачыктыгы, аларга жан дүйнө тынчтыгына кепилдик бербейт.

Жыйнытыгында, чет элдик ишкер канчалык ачык иштеген күндө дагы ага тынч жашоо болбойт.

— Кырдаал мындан ары кандай жол менен өнүгөт?

— Кыргызстанда инвестор менен такай ойнолуп жүргөн мышык-чычкан оюну улантылат. Кырдаал кен түгөп, инвесторлор ишин токтотуп кеткенде гана өзгөрөт.

Кандайдыр бир талаш чыгып калса, адеп-ахлактын чегинде болот деген ниетим гана бар.

— Эмне жөнүндө айтып жатасыз?

— Алкымы чоңоюп эле бара жаткан бир тарап жана экинчи тараптын финансалык мүмкүнчүлүктөрү жана ыйманы ортосундагы баланс жөнүндө.

— Бишкек «Кумтөр» боюнча жаңы келишим инвестициялык кырдаалды жакшыртып, тоо-кен тармагына жаңы инвестия тартууга жол ачат деген ойдо...

— Ооба, кен боюнча жаңы келишим өлкөнүн инвестициялык аброюуна оң таасир калтырат. Бирок, бул өлкөгө ири инвестициялык агымдарды алып келеринен күмөнүм бар.

Негизи инвесторлор долбоорлорду тандоодо «инвестициялык климаттын» көрсөткүчтөрүнө гана таянбайт. Бирок, ал деле маанилүү. Алар андан башка дагы көптөгөн эске ала турган жагдайлар бар. Мисалы, тобокелдик, рыноктун көлөмү жана башка.

Чынын айтканда Кыргызстандын тоо-кен тармагы анчалык деле инвестор үчүн кызыктуу эмес.

Эдуард Полетаев
Мында чечилбеген маселелер, жалпысынан системанын таасири жоктугу, деги эле аймактын өзүнүн анчейин инвестор үчүн кызыктуу эместигин эске алган туура.

Жада калса Казакстанга азыр эч ким миллиард доллары менен келип ишкана ачпайт. Казакстанда Кыргызстанга караганда ички маселелери аз жана инвестор менен мамилеси дагы алгылыктуу.

 
Эң көп окулган жаңылыктар