16:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды

Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды баштады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 унаа токтотулган, анын ичинен 68 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты жеринен төлөшсө, 31не салык төлөгөндүгү тууралуу атайын чаптама берилди.

Салык кызматы рейддик иш-чаралар жүрүп жаткандыгана байланыштуу, транспорт каражаттарынын ээлеринен унаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техпаспортунан тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсүн суранат.

Мындан тышкары, транспорт салыгын төлөгөн жарандарга салыктын төлөнгөнү тууралуу атайын чаптама акысыз түрдө берилип жатат. 2-сентябрда транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктаганына карабастан, учурда транспорт салыгын жыйноо уланууда.

Бирок, буга чейин Салык кызматы бир нече жолу эскерткендей, мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума