16:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте эки адамды ур-токмокко алган факты боюнча 3 милиция кызматтан бошотулду

«Жал» кичирайонунда эки адамды ур-токмокко алган факты боюнча 3 милиция кызматтан бошотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Учурда аталган факты боюнча Жазык кодексинин «Өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүүдө. Ички иштер министрлиги күнөөкөрлөрдү мыйзам боюнча жоопко тартуу боюнча чараларды көрүүдө.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ленин РИИБдин тергөөчүсү А.К., Ленин РИИБдин тергөө кызматынын башчысы Б.А. ээлеген кызматтарынан бошотулду. Андан сырткары Тартиптик уставдын талаптарын бузуп, функционалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн тескөөчүсү Ж. у Т. менен нөөмөтчүнүн жардамчысы Б.К. ар бирине катуу сөгүш жарыяланды.

Жеке кызыкчылыгына түздөн-түз тиешеси бар маселени чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдалангандыгы үчүн Чүй ОИИББдин кызматкери Б.К. ички иштер органдарынан айдалды.

Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.

Саламаттык сактоо министрлигинен 28-августта Улуттук госпиталга 31 жаштагы бейтап келгенин айтышты.

«Кечээ жабырлануучу комадан чыкты. Аны нейротравма бөлүмүнө которушту. Анын баш мээси чайкалган, абалы орто оордукта. Ошондой эле ошол эле күнү Улуттук госпиталга жаагы сынган бейтап келип түштү», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар