20:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандык дзюдочулар Америка чемпионатында байгелүү орундарды алышты

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы жана Бишкек мэриясынын спорт мектебинин дзюдочулары Америкадагы ачык чемпионатка катышышты. Чемпионат 20-22 жаштагы өспүрүмдөр арасында 27-июлдан 30-июлга чейин Форт-Лодердейл (АКШ) шаарында өтүп, 15 өлкөнүн спортчулары катышты.

Спорт чеберине талапкерлер Жумашев Дастан 73 килограмм салмакта күмүш медалга, ал эми Талант Даниел 81 килограмм салмакта коло медалга ээ болду.

Мелдештерди эл аралык категориядагы «International referee» судьясы, спорттун күжүрмөн түрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Абдурасулов Азамат тейледи.

Эң көп окулган жаңылыктар