20:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Кумтөр» ишканасы жаңы келишим боюнча Кыргызстанга канча каражат төлөп берет

Өкмөт канадалык тоо-кен компаниясы Centerra Gold Inc. менен жаңы стратегиялык макулдашуунун акыркы нускасына Кыргызстандагы абалдын олуттуу жакшыргандыгын жарыялады.

Стратегиялык макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 87 миллион АКШ доллар каражат келип түшмөк. Өкмөт макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүнө макул эместигин билдирген. Узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 миллион долларга чейин көбөйтүлгөн, ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген. Жыйынтыгында кошумча 63 миллион долларга жетишилди.

Стратегиялык келишим тууралуу 

Кыргызстан жана «Центерра» кандай шарттарда иштешет, алгач өкмөт менен инвестор ортосунда буга чейинки келишимдердин ар бир бөлүгүн эстеп чыгуу керек.

2017-жылы сентябрда өкмөт канадалык өнөктөштөр менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин «Кумтөр» долбоору боюнча белгилүү бир пайдага жетишилген. Тараптар экология, улут ден соолугу жана кендин келечегине байланышкан стратегиялык макулдашууга кол коюшкан.

«Центерра» макулдашуусу боюнча, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 10 жыл бою бир жолку 50 миллион доллар төлөп берүүнү милдеттенген. Кенди иштетүү мөөнөтү аяктаганга чейин жыл сайын 2,7 миллион доллар которуп турмак.

Саламаттык сактоо бөлүмү боюнча инвестор онкологиялык оорулар менен жабыркагандар үчүн заманбап жабдык сатып берүүнү чечкен. Ал үчүн «Центерра» 10 миллион доллар бөлгөн, анын 7 миллиону 2017-жылы которулган.

Ушул жылдын февралында Кыргызстан тендердин жеңүүчүсү- эстониялык компанияны тандап алды. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 2020-жылдын башында бейтаптарды нур менен дарылоо үчүн тизмеге жаза баштоону убада кылды.

3-маанилүү пункт -бул кендеги геологиялык чалгындоонун 2 жылдык программасын жаңылоого тийешелүү. Анда инвестор 2018-жылы 18 миллион доллар бөлгөнү айтылат.

Бул маселеде тараптардын ажырым пикирлери болгон эмес.

Милдеттенмесиз кошумча акчалар 

Ушул жылдын августунда «Центерранын» өкүлдөрүнүн иш сапарынан кийин министрлер кабинетинин билдирүүсү баардыгын өз ордуна койду. Өкмөттөн түзүлгөн келишимден сырткары кошумча дагы кандай шарттарда Кыргызстан ири өнөктөш менен байланышка даяр экенин айтышты.

Жыйынтыгында кошумча 63 миллион долларга жетишилди. Өкмөт башчы Кумтөр кенинин иштеп баштаганынан бери 22 жылдын ичинде биринчи жолу жаратылышты коргоо иштерине олуттуу акча бөлүнүп жаткандыгын баса белгилеп кетти.

Курчап турган айлана чөйрөнү колдоо фондуна 2017-жылкы келишим боюнча жыл сайын 2,7 миллион доллар түшүп туруусу каралган болсо, эми сумма 3,7 миллион долларга көбөйдү.

"Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөш фонду" түзүлдү, анын бюджетине компания 2019-2020-жылдары 10 миллион доллар которот. Мындан тышкары «Кумтөр Голд» компаниясы ай сайын кирешенин 0,4 пайызын фондго которуп турат. Акча каражаты өлкөнүн баардык аймактарын өнүктүрүүгө жумшалат.

Фонддун акчалары эмнеге коротулат

Мухаммедкалый Абылгазиев стратегиялык макулдашуу боюнча түзүлгөн фонддун ишине өкмөт ачык жана таза иштөөнү камсыз кыларын билдирди.

Фонддун иши жарандардын кызыкчылыгына, экологияны коргоого жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталат. Ага байкоочу катары депутаттар, коомдук институттардын өкүлдөрү жана эксперттер тартылмакчы.

Эске салсак, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, «Кумтөр» кенинде 301 миң 373 унция, же 9 тонна 373,76 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу аталган компаниядан маалымдашты.

«Кумтөр» 4,22 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Эң көп окулган жаңылыктар