13:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттары расмий түрдө VII сессияны ачышты

Эки айлык эмгек өргүүдөн кийин Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттары расмий түрдө VII сессияны ачышты.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 77-беренесине жана «Жогорку Кеңештин Регламенти тууралуу» Мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрдын биринчи иш күнү башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы иш күнүнө чейин уланат.

Кезектеги пленардык отурум 4-сентябрда башталат. Эске салсак, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү депутаттар комитеттерде иштешет, ал эми шаршемби, бейшемби -пленардык отурумдар өтөт. Жума күнү фракциялардын отуруму болот.

Эң көп окулган жаңылыктар