22:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мурунку депутат Өмүрбек Бабанов УКМКнын сурагына келди

Мурунку депутат Өмүрбек Бабанов УКМКнын сурагына келди. 

Саясатчы тергөөчүдөн чыкмайынча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

УКМКнын басма сөз кызматы Өмүрбек Бабанов суракка кылмыш ишин изилдөөнүн алкагында күбө катары келгенин билдирди.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкекке кайтып келген. Ага эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтотулса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума