04:24
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Пара алуу. Аскердик комиссариаттын бөлүм башчысына карата кылмыш иши токтотулду

Ат-Башы райондук соту аскердик комиссариаттын бөлүм башчысына карата кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттон билдиришти.

Буга чейин прокурор айыпталуучуга кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн айып пул салууну суранган.

«Сот эки тараптын жарашкандыгы үчүн кылымыш иши боюнча териштирүүнү токтотту. Жабырлануучулар отурум маалында соттолуучуга эч кандай дооматы жок экенин айтышкан», -деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, Ат-Башы аскердик комиссариатынын бөлүм башчысы аталган бөлүмгө ишке орноштурам деп 70 миң сом пара талап кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби