22:06
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Келээрки жылы баардык мектептерди компьютердик техника менен жабдуу пландалууда

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылы баардык мектептерди компьютердик техника менен жабдууну пландап жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик жаңы долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк жана Евро Биримдик менен талкуулап жатат. Анын алкагында мектептерди 100 пайыз техника менен жабдуу каралган.

Учурда республиканын мектептеринде интернеттештирүү боюнча иштер аяктады. Түйүнгө 95 пайыз мектеп туташтырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар