09:47
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Икрамжан Илмияновдун соту 29-августка жылдырылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун соту 29-августта улантылат. Буга Икрамжан Илмияновдун ишинде шектүү катары өтүп жаткан Руслан Шакировдун жактоочулары келбей калганы себеп болду.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар