16:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аткезчилик жолу менен ташылып келинген жалпы жүктүн 20 пайызын тамеки түзөт

Кыргызстанда аткезчилик жолу менен ташылып келинген жалпы жүктүн 20 пайызын тамеки түзөт. Бул тууралуу журналисттерге Бажы кызматынын өкүлү Алмазбек Мамытбеков билдирди.

Айтымында, мыйзамсыз чылым ташып келе жаткан 8 фура кармалды. Анын ар бири 35 миллион сомдон бааланган.

«Кармалган партиялардын көпчүлүгү Тажикстандан келген. Мындай тамекилер эркин соода дүкөндөрүндө жана Ош базарында сатылат», -деди Алмазбек Мамытбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар