18:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көбөйтүлөт

Мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан республикалык педагогикалык конференцияда сөз сүйлөп жатып айтты.

Өкмөт башчы билим берүү системасын реформалоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өкмөт мугалимдердин иштөө шарттарын көтөрүү үчүн өзгөчө көңүл бурат. Мугалимдер Кыргызстандын башкы инвесторлору деп эсептеймин, алар коомдун татыктуу инсандарын тарбиялап чыгарышат», -деди ал.

Ал өкмөт октябрдан тарта мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көбөйтө тургандыгын айтты.

«Айлыкты 50-100 пайызга көтөрсөк деле болмок, бирок экономикалык абал муну кылганга жол бербейт. 2023-жылга чейин акырындык менен айлыкты 25-30 миң сомго көтөрүү пландалууда», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар