06:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Билим берүү министрлиги мектептерде эмнеге 2 миң мугалим жетишпегендигин айтты

Кыргызстанда 2 миң 265 мектепте 77 миң 800 мугалим иштейт. Алардын 15 пайызын эркек окутуучулар түзөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 2018-2019-окуу жылынын акырында болжол менен 2 миң бош орун калган. Буга мугалимдердин декреттик өргүүсү, академиялык мобилдүүлүк, пенсияга чыгуу жана мугалимдердин ден соолугунун абалы себеп.

Быйылкы жаңы окуу жылынын башында ЖОЖдун педогогикалык факультеттерин бюджеттик негизде аяктаган 1 миң 531 жаш окутуучу өлкөнүн ар кайсы аймагына иштөөгө жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума