ЖОЖдун педогогикалык факультеттерин бюджеттик негизде аяктаган 1 миң 531 жаш окутуучу өлкөнүн ар кайсы аймагына иштөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, былтыр жогорку окуу жайларды бюджеттик жана контракттык негизде 4 миң 186 жаш адис аяктаган.
Маалыматка ылайык, 1 миң 531 мугалимдин 131и чек арага жакын жайгашкан аймактардагы мектептерге жөнөтүлдү.