07:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Микрокредиттерди берүүчү уюмдар 13 миллион сомдон ашуун насыя тараткан

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 13 миллион сомдон ашуун насыя берилип, алуучулардын саны 295 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 33,8 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү — 31,5 пайызга көбөйдү.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 20,6 пайызы), Бишкек шаарынын (19,6 пайызы), Жалал-Абад (13,9 пайызы) жана Чүй облустарынын (13,8 пайызы) алуучуларына берилген.

2019-жылдын январь-июнунда берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,8 пайызы — айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 25,1 пайызы — керектөөчүлүк муктаждыктарына, 13,3 пайызы -соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.

Эң көп окулган жаңылыктар