07:44
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясында өрт чыкты

Бүгүн түндө Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясында өрт чыккан. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 21-августта Ташкент убактысы менен саат 01:54тө өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. Улуттук телерадиоберүү компаниясынын аймагы, ашкана жана башка бөлмөлөр болуп жалпы 400 чарчы метр аянт күйгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр саат 02:00дө барган. 45 мүнөттөн кийин өрт чектөөгө алынып, 03:36да өчүрүлгөн.

Каза болгондор же жабыркагандар катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар