05:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атамбаевдин кармалышы. ИИМ өз версиясын айтты

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн маалымат жыйында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы тууралуу кеңири айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, ички иштер органдары тууралуу мыйзамга ылайык Алмазбек Атамбаевдин үйүнө басып алуу үчүн атайын операция жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынган.

«Ок атуучу курал колдонулган жок. Атайын каражаттар гана колдонулду», -деди Кашкар Жунушалиев.

Ал кан төгүлүү болуп кетпесин деп, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен 2 жолу сүйлөшүү жүргүзгөндүгүн кошумчалады. 

«Бирок, Атамбаев сүйлөшүү шарттары менен макул эместигин билдирди. Ал акыркы чара көргөнгө чейин бара тургандыгын айтты. Мен ага өз ыктыяры менен багынып берүүсү үчүн 10 мүнөт убакыт бердим. Анын жанында Кундуз Жолдубаева менен Фарид Ниязов, 2 жан сакчы жана 25-30 жаштардагы эркек киши бар болчу. Кундуз Жолдубаева каршылык көрсөтө тургандыктарын айтты. Мен бастырып кирүү чечимин кабыл алдым. Жыйынтыгында алар кармалышты», -деди министр.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Эң көп окулган жаңылыктар