04:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кой-Таш окуясына байланыштуу сот жабык өтөт

Мындай чечимди 6-мартта ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кабыл алды. Маалыматты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ырастады.

Анын сөзүнө караганда, жактоочулар судьядан сотту ачык өткөрүүнү сурап, аны мамлекеттик айыптоочулар да колдоду. Бирок Марат Сыдыков Жазык процессуалдык кодексинин 281-беренесине таянып сотту жабык өткөрүүнү чечкен.

«Прокуратура эл көзүнө «сот ачык өтсүн» деп айтты. Бирок булар алдын ала сүйлөшүп алган. Судья Жазык процессуалдык кодексинин 281-беренесине шилтеме берип «эки адамдын бири-бири менен жазышканы жабык сотто каралышы керек» деп чечим чыгарды. Бул туура эмес. Мыйзам боюнча алардын жазышканы материалды изилдөө учурунда каралат. Биз ага жете элекпиз да. Башында болгону күбөлөр суралат», — деди Замир Жоошев.

Иш 23-марттан баштап карала баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума