12:57
USD 74.08
EUR 81.18
RUB 1.04

Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү башталат. Ага Атамбаев катышат

Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда башталат.

Сотко мурдакы президент Алмазбек Атамбаев катышары буга чейин айтылган.

2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, 14 адамга айып тагылып сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартууда.