21:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Атамбаевдин иши. Жактоочулар Гаага сотунан акыйкаттык издешет

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев мурунку президентти бошотуу үчүн эл аралык сотко кайрылуу ниетин билдирди. Айтымында, Алмазбек Атамбаев ага карата айтылган айыптоолорго макул эмес.

Мурунку өлкө башчынын пикиринде, бул Баш мыйзамга каршы келет.

«Жарандарга кандай таасир берип жатканын көрдүм. Аталган жаңжалды чечүү үчүн эл аралык сотко кайрылууну туура көрүүдөбүз», -деди Сергей Слесарев. Айрыкча Гаага сотуна кайрылышы ыктымал.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Кечээ саат 21:00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармап УКМКнын имаратына сурак берүүгө алып келишкен. Анын жанында жактоочусу Сергей Слесарев бар. Азырынча саясатчыга кандай айыптар тагылаары белгисиз.

Алмазбек Атамбаевге карата баш коргоо чарасы бүгүн чыгышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар