16:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чоң-Алайда бутун сындырып алган орусиялык туристке куткаруучулар жөнөп кетишти

7-августта Чоң-Алай районундагы Түндүк-Кымыздык мөңгүсүнөн келе жатып жаракат алган Россиянын жаранына жардам берүү үчүн куткаруучулар жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакка Россиядан келген 6 турист эс алганы барган. Мөңгүдөн түшүп келе жатып 1988-жылы туулган Р.Л. аттуу адам бутун сындырып алып, куткаруучулардан жардам сурап кайрылган.

Куткаруучулар Карамык айылына жетип түнөп калышты. Жардам көрсөтүү иштери бүгүн да улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар