16:00
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тажикстанда туристтерге бекер сим-карталар бериле баштады

15-июндан тарта Тажикстанга келген чет өлкөлүк туристтерге балансында 100 мегабайттан интернети бар сим-карталар бекер бериле баштады.

Туристтер аларды Душанбе аэропортунан, бардык чек ара пункттарынан жана Тажикстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) туристтик милиция бөлүмдөрүнөн ала алышат.

Маалыматка караганда, бекер сим-карта алган туристтерге 100 мегабайттан тышкары 100 мүнөт бекер сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү берилет. 

Ошондой эле аларга ыктымал табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалыматтар смс-билдирүү түрүндө жөнөтүлүп турат.

Бул долбоорду өлкө ИИМи менен Tcell мобилдик компаниясы биргелешип ишке ашырууда. Айрым эксперттер туристтерге бекер сим-карталардын бирилиши Tcell компаниясына кошумча жарнама болуп жатат деп эсептешүүдө. Азырынча тажик бийлиги эмнеге бул долбоорго бир эле компания катышып жатканы жана байланыш операторлорунун арасында тендер өткөрүлгөн-өткөрүлбөгөндүгү боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Тажикстанга келип, бекер сим-карта алууга жетишкен айрым чет өлкөлүк туристтер 100 мегабайт интернет аз экенин билдиришүүдө. «Байланыш оператору 100 мүнөт бекер сүйлөшүү мүмкүндүгүнүн ордуна 500 мегабайт берсе жакшы болмок. Анткени туристтер бул жерде эч ким менен деле сүйлөшүшпөйт, интернетти болсо көп колдонушат», — деди Кытайдан келген Танг Чунгуа аттуу турист.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби