09:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Нарын облусунда туристтик жол белгилери орнотулду

Нарын облусунда жаңы туристтик жол белгилери пайда болду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

«Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы белгилер Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу көлдөрүнө, Кажырты шаркыратмасына, Каратал-Жапырык коругуна, Эки-Нарын капчыгайына жана башка популярдуу жерлерге чейинки аралыкты көрсөтүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Нарын облусунда маалыматтык навигация долбоорунун алкагында 16 белги орнотулду. Келечекте алар өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.

Эң көп окулган жаңылыктар