22:52
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөт туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлдү

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондун түзүү жана туризмди өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул туурасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Маданий, же тарыхый баалуулукка ээ объектилер өлкөнүн ар бир аймагында бар. Бирок ушул кезге чейин туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулган эмес. Туризмди өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу канча тапшырма берилбесин, иш ордунан козголгон жок. Муну эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондун түзүү жана 1 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, туристтик объектилерге алып баруучу жолдорду ремонттоо ишке ашырылып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери чечилет», — деди Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд туристтик тармакты өнүктүрүү максатында кеңири ыйгарым укуктарга ээ болот.

«Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик индустрия объектилерин ижарага берүүгө, аларды сатып алуу-сатуу тууралуу келишим түзүүгө, туризм обьектилерин биргелешип өнүктүрүү жана алардын үлүштүк курулушу тууралуу келишим түзүүгө, инвестицияларды тартууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында тартууга ыйгарым укукка ээ болот. Туристтик тармакка дем берүү үчүн жер пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет. Туристик кластерлерди өнүктүрүүгө чоң маани берилет: Караколдо — тоо лыжа, Ошто — тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында — рекреациялык жана башка ири кластерлер ишке киргизилет», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, туризмди өнүктүрүү үчүн Түндүк-түштүк альтернативдүү жолдун, Ысык-Көл облусундагы айланма жолдун курулушу туризм индустриясын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот.

«Ар бир аймак калктуу пункттардын дароо таанылышы жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү максатында аймактын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша жөнөкөкөй жана жеткиликтүү логотиптерди иштеп чыгуусу тийиш», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар