22:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанга эң көп туристтер Өзбекстандан келишет

Кыргызстанга келген чет элдиктердин эң көп бөлүгү Өзбекстандын жарандары болуп саналат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы Кыргыз Республикасына эң көп орусиялыктар келген.

«Өткөн жылдан бери биз чет элдик жарандарды каттоо үчүн жаңы онлайн арыз берүү системасын демилгелегенбиз. 2023-жылдын май айынан декабрь айына чейин мындай каттоого 12 миңден ашык үй жана мейманкана ээлери кайрылган. Бул Россия Федерациясынан жана башка өлкөлөрдөн келген жарандардын агымынын көп болгондугун билдирет», — деди бөлүм башчы.

Мындан тышкары чет элдиктер Кыргызстанда 30, 60 же 90 күн жүрө алышат. 2024-жылдан тарта Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жарандарына мамлекеттик чек арадан ички паспорт аркылуу өтүүгө уруксат берүү режими киргизилген.

Мурда Казакстан менен Россияга ID-карта аркылуу бара турган болсок, эми Өзбекстанга да ошол аркылуу бара алабыз",-дейт Максат Усубалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар