USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Быйылкы туристтердин саны 600 миңге көп болот

13:55, 22 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Быйыл 2018-жылга караганда Кыргызстанга келген туристтердин саны 600 миңге көп болору белгиленүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Ал белгилегендей, жыл аягына чейин өлкөгө 7,6 млн. турист келери белгиленүүдө. 2018-жылы Кыргызстанга келгендердин саны 7 миллион болгон.

«2019-жылдын биринчи чейреги боюнча келген чет элдик жарандардын саны 27%га же 433 миң кишиге көп болгон», — деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, туристтерди тартуу үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө. Алсак, стратегиялык программа кабыл алынып, анын алкагында маркетинг планы түзүлгөн.

«Дагы 7 өлкө үчүн визасыз режим киргизилген. Эми 52 өлкөдөн Кыргызстанга визасыз келе алышат. Андан тышкары, ар кыл туристтик көргөзмөлөрдө катыштык », - деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика