08:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Назель: «Күйөө издейм», «Аяй кайнене» деген ырларда актуалдуу темалар камтылган

Буга чейин 24.kg агенттиги стили жагынан башкалардан айырмаланып, эпатаждуу образдары менен сахнаны багындырууга аракет кылган ырчыларды тизмектеп чыккан. Алардын катарында «Туфли», «Күйөө издейм», «Аяй кайнене» деген өзгөчө аталыштагы ырлардын аткаруучусу, өзгөчө стили бар Назель айым дагы бар.

Элге ырлары жана узун кирпиги менен таанылган Назель айым кызыктуу маек куруп берди. 

Назелдин жеке архивинен алынды
Фото Назелдин жеке архивинен алынды

— Кепти алгач эле узун кирпиктериңизден баштасак, дайыма чаптап жүрөсүзбү?

— Мени көбү узун кирпик менен таанып калышыптыр. Бул жөн гана клиптеги образ, андыктан күндө чаптабаймын. Кээде гана катуу шамал болгондо көзгө чаң кирбесин, чыпкалап турсун деп чаптап алам. Албетте, бул тамаша. Эгерде жасалма кирпикти күндө тагынсам, ыңгайсыздык жаратмак. Эл кеп кылган кирпиктеримди өзгөчө кечелерге гана тагынам, азыр болсо үйдө жыргап эс алып жатышат.

— Дайыма ачык түстөгү кийимдерге басым жасагандай көрүнөсүз, чын эле ошондойбу? Атайын стилист, дизайнерлер менен иштешесизби?

— Туруктуу жеке стилистим бар деп айта албаймын. Болгону ар бир клипте ар кайсыл стилист менен иштешем.

Ачык түстүү кийимдерди кийгендердин жашоосу дагы ачык болот деп коюшат.

Менин башынан эле табитим ошондой. Мүнөзүм дагы шайыр. 2017-жылы «Шайыр ырчы» номинациясына ээ болгом. 
Назелдин жеке архивинен алынды
Фото Назелдин жеке архивинен алынды

— Кепти чыгармачылыкка бурсак, жаңы ыр жаздырып, клип тарттыруудасызбы?

— Чыгармачыл адам жаңылыктарды жасап туруш керек, ошону менен иш алдыга жылат. Мурда бир жылда бир ыр, бир клип тарттырчумун, азыр тажрыйбалуу болуп калгандыктанбы, айтоор клиптеримдин саны өсүүдө. Учурда өзгөчө ыр менен клиптин үстүндө иштеп жатам.

Чыгармачылыкта мен коомдогу актуалдуу темаларга басым жасайм.

Мисалы, «Туфли» деген ырымдын маанисин көбү түшүнө беришпейт экен. Кунт коюп уккан кишиге анын мааниси терең. Чыгарманы белгилүү улуу акын эжебиз жазган, анда шаарга жаңы келген 18 жаштагы кыз «Келечегим кандай болот болду экен? Айланада тигил же бул жакка баскан, шашып бараткан буттар. Шашып жүрүп эле билинбей убакыт өтөт экен» деген маани камтылган.

Назель
Темасын образдуу түрдө «Туфли» деп атаганбыз. Андан кийинки «Күйөө издейм», «Аяй кайнене» деген ырларымда дагы өтө актуалдуу темалар көтөрүлгөн.

— Турмушка чыккансызбы? «Аяй кайнене» аттуу ырыңызды кимге арнагансыз?

-Мен чыгармачылыкка келгенден кийин жеке жашоону сыртка чыгарбоону туура көрөм. Жеке жашоом деле эч кимди кызыктырбаса керек. Ал эми «Кайнене» темасына келе турган болсок, кайсыл ырды аткарсаң, эл дагы ошол ырды өзүңө тиешелүү болгондой кабыл алышат. Бирок андай эмес, болгону бул ырдын темасы. Элге эмне кызыктуу болсо, ошону изденип команда менен бир тема коебуз. Ар бир ырчынын аткарган ырлары көп учурда өз тагдырына тиешелүү эмес. 

Назелдин жеке архивинен алынды
Фото Назелдин жеке архивинен алынды

— Музыкалык билимиңиз барбы? Кайдан билим алгансыз?

— Кара-Балта шаарындагы музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүн аяктагам. Кийин Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториясынын эстрада бөлүмүн бүтүрдүм. Азыркы тапта балдар мектебинде сабак бергениме 8 жыл болду. Мындан тышкары кечкисин кафе, ресторандарда ырдайм.

— Жакында эле ырчы Курал Чокоев менен «Ой бой» аттуу чыгарманы бирге аткардыңыз, дуэт ырдоону ким сунуштады?

— Мен сунуштадым. Биринчиден Куралдын вокалы абдан күчтүү, сахнада өзүн жарашыктуу алып жүрөт. Анын үстүнө жакшы бийлейт, ошондуктан идеяны ага сунуштадым.

Алдыда дагы дуэттер болот, бирок ким экени сыр бойдон калсын.

— Ырларыңызды сындагандар болобу? Сынга кандай көз караштасыз?

— Сындагандар көп, арасында жакшы да жаман да айтканы бар. Мен сынды туура кабыл алам, андан адам жакшы жакка өзгөрөт деп ойлойм.

— Дагы кандай образ менен чыгууну пландап жүрөсүз? Образыңызды өзгөрткөндөн коркпойсузбу?

— Алдыда кандай образ менен чыгуу тууралуу планым жок, болгону менин жүрөгүм эмне кааласа ошону жасайм. Эксперимент жасагандан коркпоймун.

Эң көп окулган жаңылыктар