Таласта катталган жол кырсыгында 3 киши каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык 30-июлда саат 23:50 чамасында Кара-Ой айылында катталган.
Маалыматка караганда, «Ауди А6» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четине чыгып кетип даракты сүзгөн. Оор жаракаттардан улам 2008-жылы туулган эркек бала, 2010-жылы туулган кыз жана 1972-жылы туулган аял каза болгон.