02:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

АКШ кыргызстандыктар үчүн студенттик жана жумуш визаларын арзандатат

АКШ Кыргызстандын студенттик жана жумуш визалары жарандары үчүн акчалай жыйымдарды азайтат. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.

Маалыматка караганда, өзгөртүү 7 августта күчүнө кирет. Кыргызстандыктар үчүн мындай жеңилдик Американын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча орун басары Жонатан Хениктин Бишкекке болгон иш сапарынын жүрүшүндө макулдашылды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Борбордук Азиядагы Америка университетине окууга келе турган студенттерге виза берүү жолдорун жеңилдетүүнү убадалады.

Эң көп окулган жаңылыктар