09:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кеңеш. Кыргыз жарандары үчүн визасыз өлкөлөр жана шарттары

Бул күндөрү элдин баары Ысык-Көлдө, тоодо, жайлоодо, айылда эс алууда. Чет жакта дүйнөнүн алдынкы курорторунда эмгек өргөөсүн өткөрүп жүргөндөр да жок эмес.

Жайдын экинчи жарымында чет өлкөгө камынгандар үчүн 24.kg агенттиги эске алуучу бир нече кеңеш сунуштайт.

1

Кайсы өлкөлөргө кыргыз жарандары визасыз кире алат?

Кыргызстандын паспорту менен 25 өлкөгө визасыз кирүүгө болот. Алар: Армения, Беларусь, Грузия, Молдова, Казахстан, Россия, Тажикстан, Украина, Узбекистан, Микронезия, Самоа, Монголия, Малайзия, Индонезия, Вьетнам, Түркия, Антигуа жана Барбуда, Барбадос, Гренада, Доминика, Куба, Гаити, Тринидад жана Тобаго, Эквадор.

2

Бул өлкөлөрдө кыргызстандыктар канча күн визасыз жүрүүгө болот?

Кыргыз жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдө 30-90 күнгө чейин жүрүүгө болот. Ал ар бир өлкө менен түзүлгөн келишимге жарашат. Мисалы. Украина, Монголия, Түркия менен 90 күндүк макулдашуу бар.Ал эми ЕАЭС өлкөлөрү менен виза алынып салынган.

Эң кыска мөөнөт Вьетнам жана Доминика. Вьетнамда кыргыз жарандары 15 күн гана визасыз жүрө алышат. Доминикада 21 күн.

3

Кайсы өлкөгө кыргыз жарандары учуп баргандан кийин виза алса болот?

Боливия, Никарагуа жана Гайанага Кыргызстандын паспорту менен учуп баргандан кийин визаны алса болот. Бирок, бул өлкөлөрдө 30 күнгө гана уруксат берилет.

4

Транзит менен өтүп бара жаткан өлкөлөрдө виза алуу керекпи?

- Кайсы бир өлкөгө жетүү үчүн жолдо учакты алмаштырууга туура келе турган болсо, сиз токтогон өлкөнү кыдырып көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Мындай өлкөлөрдүн айрымдары виза талап кылса, мисалы, Сингапур 96 саатга гана токтогон чет элдик жарандардан виза талап кылбайт. Бирок, учуп бара жаткан өлкөгө алган уруксатыңызды көрсөтүшүңүз керек.
Мында сизге шенген визасы жакшы жардамчы. Аны менен учуп-конуу учурунда көп өлкөнү бир нече саатка кыдырып алсаныз болот.

5

Чет өлкөлөргө виза баасы канча?

Визанын наркы ар бир өлкөгө түрүнө жана убакытына жараша болот. Эң арзаны 50 доллардан өйдө.
Айрым өлкөлөр, айрыкча Шенген визасын алууда, сиздин материалдык жагдайыңызды, банктык эсептериңиздеги акчанын көлөмүн эске алат.
Андан тышкары, медициналык камсыздандырууну дагы эске алуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар