04:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жылдыздардын инстаграмды чаңыткан келинчектери

Кыргыз шоу-бизнеси өкүлдөру Instagram тармагын жакшы өздөштүрүп, чыгармачылыгын жарнамалоодо башкы курал катары колдонууда. Мында аларга келинчектери да жардамга келип, түгөйлөрүнүн жаңы клиптери жана ырлары менен бөлүшүп турушат.

24.kg агенттиги белгилүү ырчы мырзалардын өмүрлүк жарларынын Instagram баракчаларына баш багып көрдү.

Белгилүү ырчы, Instagram баракчасына жазылгандардын саны 1 миллиондон өткөн Нурлан Насипке жардамдын деле кереги жок. Бирок, дагы бир миллион ашыкча эмес. Анын жубайы Асел Кадырбековага дагы жазылгандардын саны 1 миллиондон көп. Андыктан, бул жылдыздуу үй-бүлө экөөлөсө, дароо эле ырлары хитке айланат.

Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпбергенова — белгилүү алып баруучу, блогер. Мээрим өзүнүн рекламалык билдирүүлөрү менен бирге, үй-бүлөсү, бала тарбиялоо боюнча тексттерди көп жарыялайт. Ал жолдошунун жаңы чыккан клиптери, ырлары менен тынбай бөлүшпөсө дагы, концерттеринин афишаларын чыгарып, конок болууга чакырып турат.

Реп ырчысы Баястандын келинчеги Зульфия Лазарова бий менен алектенет. Өзүнүн бий студиясы бар. Зульфия Баястан менен бирге гивтеринен сырткары, анча мынча жаңы ырларын да чыгарып калат. Бирок, баары алдыда. Баястан менен Зульфиянын үй-бүлө курганына эми эле 1 жылдын жүзү болду.

Бек Исраиловдун түгөйү Айжаркын Карыбаева акыркы күндөрдө күйөөсүнөн өтүп, өзү угармандардын кызыгуусун жаратууда. Анын Бек менен ырдаган каверлеру көпчүлүккө жагып, үй-бүлөлүк дуэтти сунушташууда.

Жаштардын сүймөнчүгү болгон Омар Жанышовдун келинчеги Диана Instagram тармагында анча активдүү эмес. Ага караганда Арсендин жубайы Бегайым бир аз жигердүүрөк. Бирок, ал баракчасын өзүнө жана эми кызына арноодо.

Ырчы Максат Садырбеков менен Айсулуу Молдалиева жакында эле баш кошушту. Айсулуунун баракчасында буга чейин экөөнүн сүрөттөрү жарыяланып турчу, эми Максаттын чыгармачылыгына дагы көмөктөшүп баштаса керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума