Эми билим алууну каржылоо мурдагыдан да жеңил. DemirBank 0 пайыз билим берүү насыясын сунуштайт — комиссиясыз жана жашыруун төлөмдөрсүз.
Ата-энелер насыяны түз эле мобилдик тиркеме аркылуу тариздеп, окуу акысын дароо төлөй алышат. Каражаттар автоматтык түрдө окуу жайдын эсебине которулат.
Бул чечим окууну кийинкиге калтырбай, келечекке бүгүнтөн баштап инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берет.
Негизги артыкчылыктар:
- 0 пайыз — ашыкча төлөмдөрсүз
- мөөнөтү: 6, 9 же 12 ай
- сумма — жылдык окуу акысынын көлөмүнө чейин
- онлайн тариздөө
- ыңгайлуу төлөө шарттары
- алдыңкы окуу жайларда билим алуу
Программага төмөнкү алдыңкы окуу жайлар катышууда:
- Academy of Future Leaders
- AUCA University
- Chekhova Educational Institution
- Edison Complex
- «Lomonosov School» билим берүү комплекси
- International School Bright
- Maarif School
- Maarif-Sapat Fund
- New Thinking School of Central Asia
- Nexus College
- Oxford International School
- Silk Road International School
- TSI AUCA College
Өнөктөштөрдүн тизмеси бара-бара кеңейүүдө. Программага катышуу тууралуу маалыматты өз окуу жайыңыздан тактасаңыз болот.
Билим берүү насыясы DemirBank кардарлары үчүн жеткиликтүү.
Лицензия КР УБ № 035.

