17:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чолпон-Ата шаарына дүйнө жылдыздары топтолот

Чолпон-Ата шаарында дүйнө жылдыздарынын катышуусу менен «Asia Session-2019» эл аралык музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 1-августтан 3-августка чейин уланат. Концерттин алдында туристтик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарманке өтөт.

«2-3-августта Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтчү концертке Havana, Say Мо, Сэм Космо, Меркури Кашалот, Mohombi, Мирбек Атабеков, DJ Софа, «Иванушки International» тобу жана башка белгилүү ырчылар катышат», — деп жазылат маалыматта

Эң көп окулган жаңылыктар