Президент Сооронбай Жээнбеков мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча кеңешин айтты. Ал бул боюнча бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда билдирди.
Өлкө башчысы бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл болгон босогонун деңгээлинен өтпөй калгандыгын өкүнүч менен белгиледи.
«Өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли — ички дүң продукциянын 6 пайызын түздү. Бул прогрессивдүү билим берүү системасы бар Финляндия, Малайзия, Франция, Эстония мамлекеттеринин деңгээлинде болду. Келечекте, тестирлөөнүн жыйынтыктарын — билим берүүгө кеткен мамлекеттик чыгымдардын эффективдүүлүгүн көрсөткөн индикатор катары кароого болот. Ошондой эле тестирлөөнүн жыйынтыктарын мугалимдердин эмгек акысын кароодо эске алуу абзел», — деди ал.
«Силер тандап алган кесип — республиканын эмгек рыногунун керектөөсүнө дал келет деп ишенем. Кыргызстандын бардык кесиптик чөйрөлөрү силер аркылуу заманбап структурага ээ болот. Силерге билим берген мектептин педагогикалык жамаатына жана силерди билимге ынтызар кылып тарбиялаган ата-энеңерге терең ыраазылык билдирем», — деди ал.