12:04
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Туризм. Өлкөнүн бренддин издөө жана амбициялуу пландар

Кыргызстан ички дүң өндүрүмдө туризмдин үлүшүн 10 пайызга жеткирүүнү көздөйт. Бирок, азырынча ал 4,9 пайыздын тегерегинде. 2018-жылы туризм тармагындагы айланган акча 27 миллиард 777 миллион сомду түздү. Статискалык комитеттин билдирүүсүндө, 100 миң туристтик объект бар. Өткөн жылы 25 миллиард 500 милллион сом бул тармактагы ишканалардын негизги капиталына салынган.

Кыргызстанды бир жылда 4 миллиондун айланасында киши келсе, алар мейманкана-отелдерге 3 миллион 278 миң сом таштап, жалпысынан өлкөдө 453 миллион сом коротушкан. Ал эми туристтерди ташуудан транспорт тармагы 1 миллиард 485 миллион сом иштеген. Өлкөгө учуп келгендердин саны жети жылда 1 миллион кишиге көбөйгөн.

Бирок, бул чакан сандар. 24.kg агенттиги кыргыз туризмин өнүктүрүү аракеттерине топтолду.

Өлкөнүн бренддин табуу аракети

2007-жылга чейин туризм өтө жигердүү деле аракеттер барган жок. Өз алдынча иштеп жаткан тармакты алдыга сүрөө үчүн кызуу аракеттер башталып, атайын мекемеге ишкер жетекчиликке дайындалат.

Турусбек Мамашов өлкөнү алгач таштандынан тазалоо, туризм жаатында брендди жаратуу аракетин көрөт. Ал кышкы туризмге басым жасап, ак карлуу кыргыз тоолорунан Санта-Клаусту таап чыгат. Топоз минген Санта-Клаус эки жыл катары менен тоодон борбор калаага түшүп, туристтерди чакырганына карабай, аны издеп Кыргызстанга келген турист деле болгон жок.

Атын чыкпаса, аны өзгөрт

Туризм тармагындагы адистер бир кезде өлкөнүн аталышындагы «стан» муунан арылмайынча батыш тараптагы туристтерди тарта албашын айтышкан. Кыргызстан аларга Афганистан, Пакистан менен ассоциация болору белгиленген.

Негизи өлкөнүн атын өзгөртүү сунушу туризм жаатында гана эмес, саясатта дагы көтөрүлүп келет.

Тоолор, тарых жана көчмөндүк

Туризм департаментинин сайтында Кыргызстанда алты багыт көрсөтүлгөн. Алар: тоо туризми, ат минүү, маданий-маалыматтык, велосипед, эко жана жөө туризм.

Тоо туризми тээ илгертен эле альпинисттердин жана жаратылыш сүйүүчүлөрүнүн кызыгуусун жаратып келе жатканы маалым. Ага улай тоодо жашаган элдин турмушу дагы көпчүлүктүн кызыгуусун артыра баштады.

2012-жылы элдин жашоо-турмушу, маданият аркылуу туристтерди тартуу үчүн көчмөндөр оюндары уюштурулган. Андан бери үч жолу өттү. Бирок, туристтердин массалык агылуусу байкалбаганы менен өкмөт бюджеттен иш-чара ири чыгымдарды коротууда.

Айгүл, Ысык-Көл жана апийим

Эгемендүүлүктөн кийин туризмдин багыты Ысык-Көлгө бурулган. «Ысык-Көл — Орто азия бермети» эң бир кооз чакырык болгону менен, ал 2-3 айлык сезон менен чектелип, жаңы (инфрастуктура, сервис) көйгөйлөр менен кезикти.

Баткен облусундагы Айгүл гүлүн жайылтуу аракети дагы аймактын шартына келип такалды.

2017-жылы Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов апийимди мыйзамдаштырып, дүйнөнүн наркомандарынын баарын өлкөгө тартууну сунуштаган.

Репутацияны тазалоо

2012-жылы туризм тармагын жетектеген Максат Чакиев «Кыргызстанга сапар» концепциясынын алкагында өлкө боюнча терс маалыматтарды азайтып, эл аралык коомчулуктагы ар-намысын тазаламакчы болгон. Анын алкагында эл аралык журналисттер жана ЖМКкалар менен байланыш түзүлүп, Кыргызстан боюнча оң маалымат чыгаруу каралган.

Белгилей кетсек, бул арада Кыргызстан бир нече эл аралык жалпыгоо маалымдоо каражаттарында пайда болуп, айрым рейтингдерде кооз өлкө катары алдынкы орундарга илинип калганы да бар. Кыргызстанга «Forbes», «Global Spots 2013», «World travel and tourism council», «Geographic Traveler Awards», «National Geographic Traveler», «National Geographic». «Financial Times», «The Guardian, «The Guardian» и «Lonely Planet» көңүл бөлүштү.

Акыркы жолу Россиянын белгилүү «Поедем, поедим!» программасы Ысык-Көлдө атайын берүү тартты.

Коңшулар менен бирдиктүү тур пакет

Туризм департаментинин мурдакы жетекчиси Азамат Жамангулов Борбордук Азия өлкөлөрү менен бир турпакет иштеп чыгууну көтөргөн. Ал «шенген» визасы түрүндө Уулу Жибек жолу менен биргеликте ишке ашырууну сунуштаган.

Айтмакчы, Кыргызстан 2012-жылы 45 өлкө менен визасыз режим киргизген. Быйыл ага дагы 6 өлкө кошулду.

Unique Kyrgyzstan, So much to discover жана Sky Land

2013-жылы атайын логотип жана «So much to discover» слоганы иштелип чыккан. Логотип суу, тоо жана асмандан туруп, Кыргызстандын жапайы жаратылыш келип ачууга чакырат.

2016-жылы Sky Land логосу пайда болот. Бирок, ал 2018-жылы Unique Kyrgyzstan болуп өзгөрөт. Уникалдуу Кыргызстан слоганы акыркы жылы «Чексиз уникалдуу Кыргызстанга» айланып, аны ойлоп тапкан жаранга 5 миң доллар ыйгарылган.

Жыл башында өкмөт 2023-жылга карата амбициялуу туристтик программа кабыл алган. Анда Кыргызстанга туристтер Казакстан (65%), Россия(17%), Өзбекстан жана Украинадан (5-6%) келери белгиленет. Алар бирок жайкы сезондо Ысык-Көлдө гана болушат. Ал эми Европа жана алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары тоо жана башка тармактарга кызыгаары айтылат.

Өкмөт жакынкы он жылда туристтердин санын 7 миллионго жеткирмекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар