06:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ички саякатчыларга кеңеш. Шаардыктар эс алган 5 топ жаратылыш жайы

Кеңсе жумушунан тажаган шаардыктарды жергиликтүү туристтик чакан ишканалар жаратылышка чакырат. Ал үчүн алыска баруунун кереги жок. Жок дегенде дем алыш күндөрдүн бирин таза абада, жаратылышта өткөрүүгө бөлүп, дүйшөмбү күнү жаңы дем күч менен жумушка киришесиз.

Бир күндүк турлурды уюштурган туристтик жайлардын көбөйгөнү да суроо-талаптын өсүшүнөн кабар берет.

24.kg агенттиги GREEN TOUR туристтик клубу менен бирге шаардыктар арасында эң популярдуу болгон 5 эс алуу жайын сунуштайбыз.

Коңурчек каньондору

Чүй өрөөнү түрдүү жаратылыш рельефтери менен кызык. Бишкектен 300 чакырым алыстыктагы Конурчек каньондорун көргөү баргандардын саны өсүүдө. Коңурчек — бул миллион жылдардан бери эки жагын суу менен шамал жеген кууш өрөөн. Андагы укмуштуудай фигуралар көздүн жоосун алып, таптакыр башка жайга түшкөндөй сезим калтырат.

Фото Коңурчак

Көк-Мойнок каньондору

Боом капчыгайынын дагы бир жеринде — Көк-Мойнок каньондору жайгашкан. Анын аты жакын жерде жайгашкан Көк-Мойнок айылынын атынан коюлган. Оош-кайын сары тоо менен бирге жанынан ташкындап суусу аккан Чу дарыясы өтөт. Бир карасан какыраган сары тоо, экинчи жагы ташкындаган суу болуп, эки башка дүйнөнүн кошулган жерине күбө болосуң.

Фото Көк-Мойнок

Ысык-Көлдүн жээги

Бир жыл бою Көлдү көрбөгөнгөбү, айтор Ысык-Көлдүн жээгине барып, күндүн отурганын көргүсү келгендердин саны көп. Каньон менен Ысык-Көл жээги эң популярдуу турлардын бири. Жээкте жаштар сүрөткө түшүп, ак терек-көк терек ойноп кайтышат.

Бурана

Бурана тарыхый эстелигин Кыргызстандагы эң популярдуу эстеликтердин бири десек жаңылышпайбыз. Буга чейин, аны көргөнү негизинен чет элдиктер болушса, азыр бишкектиктер дагы байма-бай катташат. 21 метр мунарага чыгып, ири өрөөнгө саресеп салуу — өзүнчө эле керемет. Жанында болсо балбал таштардын ачык музейии бар. Арасында 10-кылымдан бери сакталып калгандары бар. Балбал таштар баатырларга, кадыр-барктуу адамдардын көрүстөндөрүнө коюлган.

Фото Бурана

Буранага баруу саякатын «Гавайи» эс алуу аймагында менен жыйынтыктаса болот. Кооздукка көз салып, суу үстүндө калкып, тамак жей аласыз. Айтмакчы, «Гавайиде» зоопарк дагы бар.

Ала-Арча жаратылыш паркы

Ала-Арча — бул эң эле атактуу, ажайып кооз эс алуу жайлардын бири. Аянты 2280 га созулган жерде туристтер үчүн 150гө жакын каттам бар. Анын ичинде Аксай шаркыратмасы, альпинисттердин Рацек альплагери, Альпинисттердин көрүстөнү, Ак кайыңдар токою, жана башка толгон-токой кооз жерлер бар. Анда эс алуучулар тоо ашып, чуркап, сууга түшүп, отко казан асып даамдуу тамак жеп, убакыт өткөрсө да болот.

Фото Ала-Арча

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума